Домой Коом Ветеринардык инспекцияны укуктук талаага кайтаруу зарыл

Ветеринардык инспекцияны укуктук талаага кайтаруу зарыл

45

«Кыргыз мал дарыгерлери» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү “Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын иш аракетин, мыйзам талаасына алып келүү зарыл” –деп эсептешет.

Анткени, аталган мамлекеттик орган тарабынан аткарылып жаткан кээ бир мамлекеттик функциялар “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү” Конституциялык мыйзамдын 26-беренесине жана башка укуктук ченемдик нормаларга карама каршы келет.
Мына ошондуктан бул мамлекеттик органдын мыйзам талаасына кайтып келүүсүн камыздоого максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине, КР Башкы прокуроруна жана КР Адиле министрине кат жолдошкондугун жана бул багытта мыйзам чегинде туура жыйынтык чыраарына ишенише тургандыктарын билдиришүүдө.