Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоо салган Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Вера Ганзя Кыргызстанда президенттик шайлоо мыкты деңгээлде өтүп жатканын билдирди. Анын айтымнда добуш берүү учурунда бардык шарттар камсыз болгон жана жарандар эркин пикирин билдирүүдө.
Вера Ганзя билдиргендей, учурда ал 11 шайлоо участкаларына барып келген. “Мен барган бардык участкаларда иштеп жаткан байкоочулардан мыйзам бузуу болгон жокпу деп сурадым. Алардын баары мыйзам бузуулар болбогонун айтышты. Шайлоо стабилдүү, туруктуу өтүп жатат”, — дейт В.Ганзя.
Ошондой эле Кытайдан, Өзбекстандан келген байкоочулар да добуш берүү мыйзам чегинде, тынч өтүп жатканын, укук коргоо органынын кызматкерлери иштерин так аткарып, тартип бузуулар болбогонун билдирди. Алар бир ооздон Кыргызстанда шайлоо таза өтүп жатканын кошумчалады.