Домой Дүйнөдө Ван көлүндө мигранттардын кайыгы чөгүп кетти

Ван көлүндө мигранттардын кайыгы чөгүп кетти

33

Түркиянын чыгышындагы Ван көлүндө мигранттар түшкөн кайык чөгүп кетип, андан жети адамдын өмүрү кыйылды. Түрк бийлигинин маалыматына ылайык, окуя 26-декабрда түнкү саат 2-3төр чамасында болгон. Кеминде 64 адам куткарылып, жакынкы ооруканаларга жана убактылуу баш калкалоочу жайларга жөнөтүлдү.

Кайыкта Ооганстандан, Пакистандан жана Бангладештен чыккан 70тен ашуун мигрант болгон. Кайык көлдүн түндүк жээгине же Битлис провинциясындагы Адилжеваз шаарчасына жакын калганда чөгүп кеткен. Провинциянын губернаторунун кеңсеси билдиргендей, окуя болгон жерге куткаруучулар жана суучулдар жөнөтүлдү.

Мигранттар эмне себептен автоунаа эмес, кайык менен жолго чыкканы азырынча белгисиз. Ван көлү Түркиянын Иран менен чек арасына жанаша жайгашкан. Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнөн чыккан мигранттардын көбү Түркия аркылуу Европага жетүүнү көздөшөт.