Домой Экономика Валюта фонду Кыргызстандын 12,6 миллион доллар карызын кечет

Валюта фонду Кыргызстандын 12,6 миллион доллар карызын кечет

3

Эл аралык Валюта Фондунун аткаруу кеӊеши 6-октябрда Кыргыз Республикасын кошкондо аз камсыз болгон 24 мамлекет үчүн табигый кырсыктардан сактоо жана жардам фондунун алдындагы карыздарды кечүү чечимин жактырды.

Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул чечим Экономика жана финансы министрлигинин жана ЭВФтин Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн 2021-жылдын сентябрь айынан баштап жүргүзгөн иштеринин алкагында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасы 2021-жылдын 8-октябрынан 2022 -жылдын 10-январына чейинки мезгилге эсептелген ЭВФке болгон карызын 12,6 миллион долларга кыскартат.

Карызды жоюу Кыргыз Республикасына COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин азайтуу үчүн саламаттыкты сактоо секторуна жана экономикалык колдоого каражат бөлүү үчүн финансылык ресурстарды бошотууга жардам берет.