Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин 2-майда брифингде билдирген маалыматына ылайык:
«Бүгүнкү күндө Ош обулусу боюнча өзгөчө кырдаал тартиби күчүндө болгондуктан, жалпы 14 карантиндик-санитардык тосмолор иштеп жатат. Алар облустун кире бериш жеринде жана негизги райондор аралык аймактарда орнотулган. Аталган тосмолордон өтүү үчүн өткөрмө кагаздары талап кылынбайт, бирок райондон-районго өтүүгү тыюу салынат. Ал эми район ичинде жүйөөлүү себеп менен каттаган жарандарга маршруттук баракчалар аркылуу көзөмөл жүргүзүлүүдө”, — деп билдирди Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев.