«Жыргалаң» шахтасын «кууралаңга» айланткан, «Чыңгызхандын шакирттеринин» бири болгон Садыр Жапаров алыскы өлкөлөрдүн биринде жатып алып «баатыр» болуп жатканына көп болду. «Жазуучу» да болуп китеп жазып жиберди. Маал-маалы менен суу бойлоп басып, тоо-ташты аралап «видеосюжеттерин» социалдык түйүндөргө жарыялап келди. Буга чейин эки ирет «Мен жакында Кыргызстанга барып, курултай өткөрөм» деп катыра убада берип, бирок «жыргалаңчылардын» каарынан коркуп келе албай койгон.
Эми ошол эрен жакындан бери «мен 25-мартта Кыргызстанга сөзсүз келем» деп катуу чамынууда. «Кудай буюрса» деген сөздү кошо айтууну унутуп калды акебиз. «Бу жолу да келем деп, «кевей» койбойт болду бекен?» дегендер көп. Мына ошентип күмөн санап отурсак, Садыр мырза маалымат булактарынын бири аркылуу «Мен Кыргызстанга бир сыйра кийим менен эле барам» деп билдириптир. Эки сыйра кийим алып алса бир нерсе болобу? Же Кыргызстанга келе калып эле кайра качканы жатканын түшүндүрүп жатабы? «Уурунун көчүгү кууш» деп ошон үчүн айтылат да. Болбосо ал эмнеден коркот эле? Канча жылдан бери туулуп-өскөн мекенин көрө элек адамдын сагынычы 1-2 күндө эле тарап кетмек беле? Эгерде ал өзүнүн таза экенине ишенсе, «кайра тез эле кетем» деп коркпойт эле да.
Ошондой эле ал «Мени Кыргызстанда эл тосуп алышы керек» деп көкүрөк каккылайт эй! Эмнеге аны эл тосуп алышы керек? «Ууру келатат, коррупционер келатат, «Жыргалаңды» жыргатпаган киши келатат, ур-рее» деп тосуп алышыбыз керекпи? Минтип айтып жатканына караганда ал өзүнүн Кыргызстанга келишинин сценарийин алдын-ала түзүп, анан бул жактагы ишенимдүү адамдары аркылуу аны жүзөгө ашырганы туру окшойт. Ал аэропорттон түшүп жатканда колдоруна «С. Жапаров сени сагындык!», «С. Жапаров элдин чыныгы уулу» деген плакаттарды кармап алып, «кубангандарынан» эмне кыларын билбей кала турган «актёрлорду» даярдап жатышса керек.
Айтор, С. Жапаров «Ата-Мекен» лидери Ө. Текебаев камакка алынгандан бери карай күчөдү. Эске сала кетсек, чээнге кирип кеткендей болгон качкын, канкор К. Бакиев да жакында эле «Азаттыктын» Белорусь кызматына маек куруп, Текебаевди билдирбей коргоп өткөн болчу. Мына ушундан улам Текебаевдин Кипрге жасаган сапары, ал жактан К. Бакиев менен жолугушканы тууралуу Түркиянын маалымат булактарынын жазып чыкканы эске түшөт. Айрым маалыматтар боюнча Текебаев менен Бакиевдин жолугушуусун уюштурган Садыр Жапаров болгон. Эмнеси болсо да акыркы убактардагы булардын кадамдары аттары аталган үчөөнүн ортосунда кандайдыр бир «Барбарос» планынын бар экендигинен шек берип тургансыйт. Канкор, качкын, коррупционерлер биригип алып, Кыргызстандын тынчтыгын бузуп, мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетиргилери келип тургансыйт. Мындай кезеңде элибиз өтө сабырдуу жана салмактуу болуп, кимдин максаты кандай болуп жатканын ажырата билгени оң.