Домой Саясат Уурдалган 17млн. сомго экс-губернаторлор, директорлор жооп береби?

Уурдалган 17млн. сомго экс-губернаторлор, директорлор жооп береби?

42

Эмилбек Каптагаев

Башкы прокуратура Тоң районундагы төрт айыл өкмөтү үчүн муниципалдык унааларды сатып алууда жана ижарага берүүдө каржылык мыйзам бузууга жол берилгенин аныктады. Башкы прокуратура Тоң районундагы төрт айыл өкмөтүнө жүк ташуучу унааларды сатып алуу үчүн өткөрүлгөн тендер мыйзамсыз болгонун, кийин ал унаалар ижарага мыйзамсыз берилгенин аныктап, кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөлдөөчү органдын маалымат кызматынын өкүлү Нурлан Тагаев “Азаттыкка” буларды айтып бериптир. “Жүк ташуучу унаа сатып алуу үчүн тендер жасалма түрдө өткөн. 2013-жылы 17-сентябрда Тоң районуна караштуу Көл-Төр, Көк-Мойнок, Тоң жана Улахол айыл өкмөттөрүнө бирден 9 млн. 424 миң сомго төрт жүк ташуучу унаа сатылып алынган”.

Андан кийин да бир катар оор жүк ташуучу автоуналар “ТЛМГ” коомдук бирикмесине берилип, алар “Кумтөр Голд Компани” ЗАОсуна кызмат көрсөтүү аркылуу мыйзамсыз ишкердик үчүн пайдаланышкандыгы да аныкталды. Кызмат абалынан пайдалангандар мыйзамсыз түрдө 17 млн. сом пайда табышкан. Бул боюнча мурунку губернаторлор Мирбек Асанакунов, Эмил Каптагаев жана аталган фонддун мурунку директорлору сурак берип, күнөө кылышкан болсо, анысын “жууп” калышы толук мүмкүн, эгерде эле бул иштер жең ичинен бүтүп кетпесе…