Мыйзам долбоору 2018-жылдын 30-майындагы Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечимдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Конституциялык палатанын белгиленген чечими менен «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 46-беренесинин 8-пункту КР Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 25-беренесинин 2-бөлүгүнө каршы келет деп табылган.
Тагыраак айтканда, «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 46-беренесинин 8-пункту эгерде арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса — иш боюнча териштирүү аяктамайынча Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгууга убактылуу баш тартылат деп белгилейт. Мындай чектөөнү киргизүү негиздүү эмес жана жарандын субъективдүү укуктарын чектөөнүн себеби боло албайт. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечиминде КР Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык, деп көрсөтүлгөн.
Конституциялык палатанын мындай чечимин ишке ашыруу максатында мыйзам долбоору менен «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 46-статьясынын 1- бөлүгүнүн 8-пунктун күчүн жоготту деп таанылууда.
Талкууда депутат Исхак Масалиев бирөөдөн же банктан карыз акча алып чет өлкөгө качып кетсе, карыз берген адам же банк жабыркабайбы деген суроону коюп, бул жагдай менен коррупцияга жол берилип калат деген пикирин билдирди.
“Силер бул өзгөртүүңөр менен коррупционерлерге жол бересиңер. Кача бергиле, кете бергиле. Кааласаңар, сууну кечип өткүлө, кааласаңар, чек арадан өтүп кеткиле. Уурдагыла качкыла”, -деп какшыктап койгула депутат.
Эскерте кетсек, коррупцияга айыпталган мурдагы депутат Аскарбек Шадиев сууну кечип, Кыргызстандан качып кеткен.
Булак: fakt.kg