Домой Пайдалуу кеңеш Уюлдук телефондун пайдасы менен зыяны…

Уюлдук телефондун пайдасы менен зыяны…

92

Бүгүнкү күндө кичинекей баладан баштап, карыларга чейин көтөрүп жүргөн уюлдук телефондун пайдасы менен зыяны жөнүндө маалыматыңыз барбы? Чынында ыңгайлуулугу, зарыл жумуштарды дароо бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө көпчүлүгүбүз сүйүнүп, чөнтөк телефондун тийгизген зыяндарына кол шилтеп, көз жумуп келебиз.

Чөнтөк телефондун  ден соолукка тийгизген эң биринчи зыяны:

Компьютер, телевизорго салыштырмалуу уюлдук телефондон өзгөчө көп электромагнит чыккандыктан аны менен сүйлөшүп жатканда башты, көздү ысытып нерв системасына чоң зыянын тийгизет. Эгерде сиз уюлдук телефон менен өтө көп убакыт сүйлөшсөңүз иммунитетиңизге чоң коркунуч туулат. Норвегия менен Даниянын изилдөөлөрүнүн маалыматыны таянсак, уюлдук телефон менен тыгыз мамиледе жүргөндөр башы ооруп, уйкусу канбай, жиндери бат келээрин билдиришкен. Иштебей, жөн эле жаныңызда жаткан телефондун да зыяны бар экенин унутпаңыз.

Уюлдук телефондун жаралышы 1973-жылга таандык. Ошондо америкалык “Motorola” компаниясы азыркы уюлдук телефондордун түпкү атасы болгон Motorola Dyna TAC телефонун иштеп чыгарган. Ал эми Кыргызстанда уюлдук телефон 1994-жылы 12-июлда биринчи жолу шыңгыраган. Ошол күндөн тарта республикабызда уюлдук байланыштын доору башталган. Өлкөбүздө уюлдук байланыштын алгачкы оператору КАТЕЛ (Кыргыз–Америка телефону) болгон.

Дүйнө жүзү боюнча 3,3 млрд телефон бар. Болжолдуу түрдө 100 адамга 158 телефон туура келет. Бир жылда 125 млн телефон таштандыга жөнөйт. Эскирип керектен чыккан үчүн эмес, колдонуп жүргөн телефону канааттандырбай, адам баласы улам жаңы чыккан моделге кызыккандыктан телефондорду таштандыга ыргытат. Бул жагынан өзгөчө Корея эли активдүү келишет экен.

Азыркы учурада заман талабына ылайык, уюлдук телофон жок жумуш бүтпөйт. Ошондуктан бул телофонду туура колдонууну билип алалы.

1.Уюлдук телефонду лифтте колдонуу радиация күчүнүн артуусуна себеп болот. Көпчүлүк адамдар телефондо жашыруун сүйлөшүүгө туура келгенде, элдин көзүнөн далдаа жерлерди тандашат. Айрыкча, имараттардын бурчу, тепкич жана лифт сыяктуу жабык жерлерде телефондун сигналы алсыз болгондуктан, радиациянын күчү жогорулайт.

2.Басып келе жатып телефон колдонуу белгинин өзгөрүшүнө таасир этет

Уюлдук телефон менен бир орунда кыймылдабай туруп сүйлөшүү зарыл. Анткени, адамдын кыймылына карай телефон сигналы да ар кандай болгондуктан, радифциянын кубаты да ошого байланыштуу өзгөрүп турат.

3.Телефонду каршы тараптагы адам кабыл алгандан кийин гана кулакка жакындатуу керек. Уюлдук телефон али байланыша элек учурда радиациясы абдан күчтүү болгондуктан, каршы тарап телефонду кабыл алганча күтө туруңуз.

булак:  birgenews