Домой Тагдыр УУЛ ТӨРӨП, СЕНИН КЕЛИШИҢДИ КҮТҮП ЖАТАМ… АЧКА КАЛДЫК…

УУЛ ТӨРӨП, СЕНИН КЕЛИШИҢДИ КҮТҮП ЖАТАМ… АЧКА КАЛДЫК…

24
Түн жарымы. Көчөдө бороон, шамал удургуйт. Эми жамгыр төгө баштады. Эски жамгыр. Карыган күздүн жамгыры. Сен оюмдан кетпей, уйкум качат. Алыстасың. Узак жолдор экөөбүздү бөлүп турат.

Сен үшүгөнүңдү, жалгызсыраганыңды, сагынганыңды айттың. Убактылуу ажырашууга дуушар болдук. Бири-бирибизден убактылуу ажыроо оорго турду. Биз баш кошкондон баштап, баягы таза, тунук сезимдерибиз көртирликке тебелене баштады. Жашоого, алдыга умтулбай, баягы эле эски досторуң менен ичип келе бергениң тажата баштады. Ай-күнүм жетип, аз күндөрдө көз жармакмын. Экөөбүз турмуш кура электеги Адилим кана? Үйдө жадагалса тамак-ашыбыз жок, карызыбыз көбөйүп, сууканыбыз качты. Акыры чыдамым түгөнүп, басып кеттим. Сен болсо алыска аттанууга бел байладың. Иштеп кеттиң.

Көз жардым. Уулдуу болдуң. Ал тамтуң басып калды. Жакында келериңди айттың. Ымыркайыбыз эч нерседен бейкапар уктап жатат…

Көчөдө шамал. Эски жамгыр. А менин жүрөгүмдө сага деген сагыныч. Күтүүдөн тажаган түн…

Асел Кадырова

Булак: Aryba.kg