Домой Коом УТРКнын башкы директору алмашты

УТРКнын башкы директору алмашты

60

Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

“Конституциянын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Иманалиев Кайрат Олжобаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу  Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, президенттин башка жарлыгына ылайык, Тиллебаев Болотбек Кочкорович УТРКнын башкы директору болуп дайындалды.