Домой Саясат Ушак, имиштин деңгээлинен көтөрүлө албаган Сабыр Муканбетов

Ушак, имиштин деңгээлинен көтөрүлө албаган Сабыр Муканбетов

211

             mqdefault

canadian healthcare online drugstore.

Өзүнө-өзү «Карышкыр» деген каймана атты ыроолоп алган Сабыр Муканбетов аттуу «эксперт чалыш»бирөө бар. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өзү каалагандай кызматка отура албай калганына ичинен бук болуп, кез келген эле жеринде экс-президент А. Атамбаевдин ишмердүүлүгүн сынга алып басып жүрдү.

Ошол адатын дагы деле таштай албай, жакында эле эркин басылмалардын бирине жалаяктай маек куруп, өзүнүн деңгээли плинтустан да төмөн тураарын таасын тастыктап салыптыр. Ал өз маегинде 2010-жылдын 6-апрелинде К. Бакиевдин бийлиги ал кездеги оппозиция лидерлерин үйлөрүнөн алып чыгып, камаганы тууралуу айтып атып, экс-президент А. Атамбаев боюнча эч кандай чындыкка сыйбаган «өрдөгүн» учурган.

Эгерде С. Муканбетов чындыктан тайманбаган, акыйкаттыкты сүйлөгөн адам болгонунда мынчалык ушак-айыңды таркатуучу болбойт эле. Ал айткан видеону жалпы калайык-калкыбыз көргөн. Анда А. Атамбаев өзүн өтө сабырдуу кармаганын, эч нерседен тайманбай, тескерисинче атайын кызматтын кызматкерлерин шаштысын кетире сүйлөп отурганын көргөнбүз. Эгерде ошондо А. Атамбаевдин ордунда С. Муканбетов болгонунда, балким чындап эле шымын «булгап» салышы мүмкүн болчу. Анын «коюусу» да чыгып кетет беле, ким билет.

Негизи, А. Сартпаевдин да жалаң ушак-айың таратуу менен жан багаарын журналисттер коомчулугу жакшы билет. Андыктан С. Муканбетовдун таянган «маалымат булагы» да эл ишенбей турган булак экенин айтып коюу кажет.

Андан ары С. Муканбетов 2005-жылдагы (макалада 2010-жылдагы деп көрсөтүлгөн) март революциясы тууралуу кеп кылат. Ошондо Ак үйдү көздөй бараткан элге А. Атамбаев «Ал жакка барбагыла, атат, атат» деп айткан дейт. Эгерде ошентип айткан болсо, демек А. Атамбаев кандай гана бийликтен болбосун адам өмүрү кымбат экенин биле турганын көрсөтөт. Ал элди бийликтин огуна тосуп бергиси келген эмес.

Негизи эле С. Муканбетов бул жарыкчылыкка жаралып калганына нааразы болуп жүргөн кишидей. Эч эле жасалган жакшы иштерди көрө албайт. Мындайларды аргасыздан көрпенде деп айтууга гана ооз барат эмеспи.