Эстрада ырчысы Урмат Усенов Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун кеӊешчиси болуп дайындалды.
Министрдин айтымында ырчы буга чейин бир нече жолу маданият тармагы боюнча сунуштары менен келип жүргөн, ошондон улам аны өзүнө кеӊешчи кылып алганын айтты. Усенов эми 15 миӊ сом айлык менен иштеп, жакшы иштей албай жүдөп жаткан Жаманкуловго жардам кылмакчы.
Маалым болгондой Усенов буга чейин министрлик кызматка талапкер болуп, өтпөй калган. 38 жаштагы Урмат Усенов «Музыкалык фонограммалардын укук ээлери ассоциациясынын» башчысы экени белгилүү.
Булак: Багыт