Ырчы Урмат Усенов министрдин кеңешчиси кызматына дайындалды. Тагыраагы, ырчы маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун кеңешчиси болду. Тиешелүү буйрукка өлкө башчы кол койгон. «Буга чейин министрдин кеңешчиси бол деген сунуш түшкөндө каршы болгон эмесмин. Анткени Азамат Капарович экөөбүздүн оюбуз, көз карашыбыз бирдей. Буйрук чыккан. Министрликтин кызматкерлери менен тааныштыруу жана расмий ишке киришүү дүйшөмбү күнү болот», — дейт Усенов.
Булак: Супер инфо