Домой Саясат Урмат Барыктабасов: Урматтуу президент! Айкөлдгүңүзгө салып, Садыр Жапаровду абактан бошотуп берүүңүздү суранам

Урмат Барыктабасов: Урматтуу президент! Айкөлдгүңүзгө салып, Садыр Жапаровду абактан бошотуп берүүңүздү суранам

228

Ишкер Урмат Барыктабасов президент Сооронбай Жээнбековго Садыр Жапаров тууралуу кайрылды.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович!Урматтуу Президент! Кыргыз эли көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүптүру Кыргыздын бычакка саптуу бир уулу, бүгүнкү күндө абакта жатат. Күнөөсү барбы жокбу мен так билбейм, калп айта албайм. Бирок элге жагымдуу  уулунун бири, элге кереги тийчү балдардын бири деп ойлойм.

Мен саясаттан баш тартып, Элиме жаратман иш менен, жардам берейин деп чуркап жүрөм.Элдин арасында жүрөм. Ушул көпчүлүк элдин ойуна, мен да кошулат элем.

Айкөлдгүңүзгө салып, Садыр Жапаровду абактан бошотуп берүүңүздү суранат элем. Садыр коп нерсеге ойлонуп, түшүнсо керек. Жашоодо ар кандай сыноолор, адашуулар болот экен. Бул балага сыноолор өтө көп болуп кетти окшойт.Атасы баласын жоготуу, бул  чон кайгы. Бир кыргыздын  уулу каза болду деп,мен да кайгыга батып отурам…

Гүлү ачыла элек бала, өмүрүнөн ажырады деп ызаа болуп отурам..Сиздин боорукерлигиңизге, айкөлдүгүңүзгө ишенип, кайрылып жатам.

Садыр Жапаровду абактан бошотуп бериңизди суранат элем. Абакта бир кыргыз жатпаса экен, деген тилегим бар. Биздин президентибиз деп кайрылдым, кыргыз элинин жараны катары.

…Ден соолугунуз чың болсун.

Сапарыныз байсалдуу болсун.Чечимиңзге калың эл сүйүнсүн.

Айкөлдүңүзго ишенип, урматым менен Урмат Барыктабасов», — деп жазды.