Караколдогу зоопарк Дагестандан тогуз айлык арстанды белекке алды. Ал арстандын атасы аны атаандашы катары көрүп, ага кол сала баштаганда жаныбарды Кыргызстандагы зоопаркка берүүнү чечишкен. Симба каймана аты бар жаш арстан азыр Бишкекте жолдун кыйынчылыктарынан эс алып жаткан кези. Симба – Кыргызстандагы жападан жалгыз арстан. Арстан Бишкекте карантинде бир ай болгондон кийин аны күтүп жаткан Караколдогу зоопаркка бармакчы. Каракол зоопаркы – Кыргызстандагы жалгыз зоопарк. Ал 1987-жылы курулган. Зоопаркта 130 жаныбар жашап, анын ичинде аюу, япон маймылы жана лама жаныбары кездешет.