Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым тилкелерди делимитация жана демаркациялоо иштерин эки тарап тең үч айдын ичинде ишке ашыруу керектигин белгилешти.
Эске салсак, 2016-жылдын август айында Үңкүр-Тоо аймагы боюнча талаш жаралган. Анда чек ара аймагына Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен конгон. Ал эми 24-август күнү алар Кыргызстандын төрт жаранын кармап кетип Яңги-Курган ички иштер бөлүмүнө киргизишкен. Бара-бара өзбек милициясынын саны 20 адамга жетип, 18-сентябрда аймактан чыгып кетишкен. Бул аталган жер байыртан кыргыз жери экени талашсыз. Мамлекет башчынын маалымат кызматы бул боюнча такталбаган жерди кайтырып берди» туура эмес маалымат таратып жатат. Такталып эле, биздин жер болгон. Бул маалымат интернет айдыңында катуу талкууга алынууда..