Домой Ден-соолук 5000 миң жылдык тарыхы бар уникалдуу гуаша укалоосу

5000 миң жылдык тарыхы бар уникалдуу гуаша укалоосу

276

Уникалдуу гуаша укалоосу – адамдын ден соолугун чыңдап, ысык-суугун теңдейт  

Гуаша массажы (укалоо) абдан уникалдуу. Байыркы кытай эли ойлоп тапканына 5000 жылдын жүзү болду. Салттуу медицинасында ар кыл илдетке каршы жана илдеттен айыктырууда шыпаа табуусуна колдонуп келишет. Ордо калаабызда гуаша укалоо курсун толук окуп, анын сырларын тереңден билген жалгыз адис Динара АКМАТОВА айым.

Кытай медицинасы башка элдин (Чыгыш, Батыш) медицинасынан асман менен жердей айырмасы бар. Алар биринчи кезекте адамдын организмин тазалайт. Байыркы биздин ата-бабалар адамдардагы эки гана илдетти – ысык жана суукту аныктаган жана ысыктаганга 40 күн суу, сууктаганга жаш малдын сорпосун берип айыктырып алган. Ошол сыңары, байыркы кытай эли гуаша укалоосунун жардамы менен адамдагы оору-сыркоону аныктап, буйволдун мүйүзүнөн жасалган кыргыч аркылуу ысык суукту (Инь менен Янь) теңдеген.

Динара Акматова гуаша укалоосун Москва шаарында Байыркы Кытай империясынын таза кандуу урпагынан сабак алып, толук кандуу үйрөнгөн. Укалоонун терең сырлары менен каныккан. Жүрөк кан тамыр оорусу, инсульт, инфарк, кант диабети жана башка толуп жаткан 400гө жакын илдетке шыпаа кылып жүрөт. Анын ичинде эркектердин алсыраган бел күчүн калыбына келтирип, аденома, простата, тукумсуздуктан арылтып, далай эркектердин алкоосуна татыган. Кытайча “гуа” деген кыруу, “ша” дегени чыгаруу. Демек жаман илдеттерди кырып чыгаруу. Кыргызда “алты саның аман болсо, калганы өзүңдүн колуңда” дейт. Өлкөбүздүн экономикалык абалы чабал болуп турган учурда сыркоологон адамдарды бейтапкана менен оорукана капчыктарын шылып коёт эмеспи. Анүстүнө кыргыздарда жаман адат бар, сөзсүз эле ооруп баспай калганда, төшөктө жатып калганда ооруканалайт. Оорунун алдын алуу деген жокко тете. Жарым жылда бир жолу гуаша укалоосун алган адам мындай кысталышка туш келбейт эле деген кепилдикти Динара айым жүз болбосо да 90 пайыз берип отурат. Динара карындашым мындан сырткары айымдардын арыктоо жана эң негизги беттериндеги бырышты жазып, жүзүн ажарлуу кылганга аракети күч болуп, далай-далай бийкечтерди кулпунтканын өздөрү айтып суктанышкан. Ар бир адам эле гуаша укалоосун жасаганга дарамети жете бербейт. Анткени укалагыч адамдын өзгөчө касиети болуш керегин эстен чыгарбайлы. Бирок, ушу жылдын аягында шыктуу, жөндөмдүү жаштардан сынак аркылуу өткөзүп, өзүнө шакирттерди даярдоо жагына кам уруп жатканынан да кабардарбыз. Гуаша укалоосун алам дегендер жана шакирт болууну каалагандар үчүн эшиги ар дайым ачык.

Гуаша укалоосундагы 7 эреже

1. Массаж алардан мурда бир чыны (200 гр.) жылуу суу ичип, массаждан кийин да эстеген сайын жылуу суу иче бериш керек. 2 литрден кем эмес. Организмдеги “туздар” чыгуу учурунда суу көп сарпталат.

2. Массажды ачкарын же ачка учурда жасатпаш керек. Тамак ичкенден 30 мүнөттөн кийин жасатуу абзел.

3. Гуаша массажын бир жумада бир жолу жасатса болот. Анткени далыдагы канталаган жерлер тараш керек. Кээ бир адамдардыкы эрте эле тарап кетет. Алардыкын эрте жасаса болот.

4. Массаж алган алгачкы күндөрдө дене жол таптагыч өтүп кеткен абалда оруксунушу мүмкүн. Андан эч кабатыр болбош керек. Бул кадыресе эле көрүнүш.

5. Байыркы Кытай салты жана эреже боюнча мүйүз-кыргыч менен бир жерди жаш кыздар үчүн – 6, уландар үчүн – 7, айымдар үчүн – 8, мырзалар үчүн 9 жолу кыруу керек.

6. Бир гуаша массажы 10 классикалык массаж алганга же 20 чакырым чуркаганга барабар.

7. Гуаша массажы – коопсуз процедура! Албетте укалоочу адам профессионал болсо. Билимдүү адамдарга ишеним артуудан коркпош керек!

Байланыш телефону: 0705 21 93 18

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: Азия ньюс