Домой Коом Уметалиева Айсалкын, талапкер Касиев Майрамбектин биринчи мугалими: «Шайлоого татыктуу инсан. Элдин...

Уметалиева Айсалкын, талапкер Касиев Майрамбектин биринчи мугалими: «Шайлоого татыктуу инсан. Элдин ишеничин актайт»

372

— Мен Уметалиева Айсалкын Касиев Майрамбектин биринчи мугалимимин. Билимдүү адамдын эмгегин баалган туура. Себеби, билимдүү адам бийик болот. Майрамбек кичинекейинен эле аракетчил, тыкан бала эле. Өзгөчө математика сабагынан жана сүйлөө речинен жакшы болчу. Алма сабагынан алыс түшпөйт эмеспи, апасы Зууракан билимдүү болгондуктан, балдарынын билимине жакшы көңүл бурду. Дайыма сабагына катышып, тапшырмаларына, сабактан жетишип жатабы же жетишпей жатабы жакшы көзөмөлдөп турчу. Ошол себептен Майрамбек кайсы предмет болсо да, өзүн көргөзө алчу. Биздин талапкер өзү өскөн Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров орто мектебине билим жаатына жакшы көңүл буруп келет. Майрамбек жогорку билим алып, бир топ жылдан бери салык кызматта, мамлекеттик кызматтардын ар тармагында үзүрлүү эмгектенүүдө. Адал мээнет, ак эмгек адамды өргө сүйрөйт эмеспи, өзүнүн өлкөсүнө кылган ак эмгегинин үзүрүн көрүп жаткан учуру десем да болот. Ал эми борборубуз Бишкек шаарында көп жылдан бери окуп, иштеп, жашап жатканы үчүн шаар көйгөйүн шаар тургуну катары эң жакшы билсе, билимдүү адам катары аны чечүүнүн жолун да жакшы билет.

Майрамбектин «Эмгек» партиясынан шайлоого талапкерлигин койгондугун колдойм! Келечек жаштардын колунда, билимдүү, эмгектенем деген жаштарды колдойлу !

«Эмгек» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жокоева Ж.Ж тарабынан төлөндү.