УКМК Бишкек мэриясына караштуу «Шаар парктары» ишканасынын жетекчиси Калича Умарлиеваны өткөн жумада пара менен кармаганы боюнча маалымат тараган эле. Маалыматта ал 80 миӊ сом пара менен кармалганы кабарланган. Бирок Калича айым, ошол күнү УКМКга 4 саат сурак берип, өзүнө карата жазган адам “Ынытмак” паркынан велосипед иштетем деп келген адам экенин айткан. Умарлиева кийин: 10 ай ичинде прокуратурадан алты эскертүү келип түшкөнүнөн бул жерде кимдин кызыкчылыгы бар экени мага көрүндү. Парктардан түшкөн миллиондогон акча жеке чөнтөктөргө кетип жатат, байкуш бюджетке бир тыйын түшпөйт экен. Ошого каршы чыксам, жыйынтыгын өзүңөр көрүп жатасыңар.” – деп айтты берген маектеринин биринде. Анын бул кебинде чындык бар. Чынында парктарды иштетүүдө мурунтан эле коррупциялык схемалар бар экени байма-бай айтылып келет. Бирок Калича айымды сүттөй таза деп айтуу кыйын. Эске сала кетсек, ал бул кызматта туура бир жылдан бери иштеп жаткан. Умарлиева Кыргызстанда бөйкмөтчү катары элге белгилүү.
Булак: Багыт.kg гезити