Домой Коом Улуттук банк бешинчи ирет интервенция жасады.

Улуттук банк бешинчи ирет интервенция жасады.

19

Улуттук банк ноябрь айынын эсеби менен валюта рыногунда бешинчи ирет интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Улуттук банк кечээ, 19-ноябрь күнү валюта рыногуна 3 млн доллар (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен) саткан.

Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунда 20-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.