Домой Экономика Улуттук банк акчанын которулушун текшерүүнү күчөтөт

Улуттук банк акчанын которулушун текшерүүнү күчөтөт

15
Кыргызстандын Улуттук банкы акча которууларды текшерип, аларга көзөмөлдү күчөтүүнү пландоодо. Бул — Улуттук банктын башкармалыгынын токтом долбоору.
«Долбоор террордук ишти каржылоого каршы аракеттин алкагында коммерциялык банктар тарабынан акча которулганда кардарды тийиштүү экспертизадан өткөрүү тартибин сактоо үчүн иштелип чыккан», — деп жазылат маалыматта.
Негизги сунуштар:

банктар акча которгон адамга текшерүүнүн жөнөкөй же күчөтүлгөн чараларын колдоно алат;

эгерде которо турчу акча 70 миң сом же андан ашык болсо (же анын чет өлкөлүк валютадагы эквиваленти), кардарды анкета толтуртуп текшерүү керек;

эгер акча жөнөткөн же которгон адам террордук уюмдардын мүчөсү катары тизмеде болсо, банк акчаны которбой же салынган акчаны албай коё алат.