Домой Саясат Улутка жана аймактарга бөлгөндөр — душмандар

Улутка жана аймактарга бөлгөндөр — душмандар

139

 

 

28998

 

5-июлда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында 2017-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө президенттин колунан «алтын сертификаттар» тапшырылды.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев мыкты көрсөткүчкө жеткен бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, аларга көп тилди үйрөнүү кеңешин берди. Президент окуу, билим гана бийиктиктерге жеткире турганын айтып, өмүр бою окуу керектигин билдирди. “Окугула, өмүр бою окугула. Интернет буга мүмкүнчүлүк берет. Эгер кимдир бирөө азырынча мамлекеттик же расмий тилди билбесе эч нерсе эмес, үйрөнсө болот. Бирок канчалык көп тил билсеңер, өзүңөргө ошончолук жакшы болот”, — деди президент.

Иш-чарада А.Атамбаев кыргыз тили байыркы тил экенин белгилеп, аны үйрөнүүгө чакырды. “Кыргыз тилин тереңдеп изилдей баштасаң 10-20 миң жыл мурда жашаган бабаларыңды көргөндөй болосуң. Мурда бул боюнча көйгөй бар эле. Шаарда кыргыз тилдүү бир гана мектеп бар болчу. Көп тил билсең рахаттанасың. Мен өзүм көп тил билем. Ошондуктан мунун жакшы экенин билем”, — деди Атамбаев.

Ошондой эле президент мектепте билим алуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, өзү да негизги билимди мектептен алганын белгиледи. “Мен жакында 61 жашка чыгам. Мектепте отличник болуп, жалаң “5” деген баа менен бүткөм. Мен бардык ийгиликтерге билимим менен жеттим деп айта алам”. – дейт президент.

Өлкө башчысы буга чейин улут-улутка, аймактарга, уруу-урууга, түндүк-түштүккө бөлүнгөндөрдү сындап, алардын аракетине каршы турууга үндөп келет. А.Атамбаев бүтүрүүчүлөргө «алтын сертификаттарды» тапшырып жатып дагы бир ирет элди бөлүнбөөгө чакырды. «Эч убакта улутка бөлбөгүлө. Кыргыздар бөлүнбөй каганат түзгөн жана кагандар кытай императору менен кат алышып турган. Улутка жана аймактарга бөлгөндөр — душмандар», — деген мамлекет башчысы бөлүнүп-жарылуунун кесепетинен улуу держевалар жок болгонун кошумчалады.

Быйылкы жылы «алтын сертификаттарды» 219 упайдан 236га чейин упай топтогон 55 бүтүрүүчү алды. Мындан тышкары, аймактарда жогорку упай алган 16 бүтүрүүчүгө президенттин колунан сыйлыктар тапшырылды. Өлкө башчысы бүтүрүүчүлөргө сертификаттардан сырткары громата, акчалай сыйлык берди.  online pharmacy egypt.