Домой Коом Улукбек Марипов Ошко келди, эми Баткенге жөнөп кетет

Улукбек Марипов Ошко келди, эми Баткенге жөнөп кетет

31

Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келди. Бул тууралу өкмөттөн тастыкташты.

Учурда ал Ош облусуна барды.

Премьер-министр Улукбек Марипов Казань шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышып, Ош шаарына келди.

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу жумушчу сапардын программасы өзгөртүлдү. Премьер-министр Баткен облусуна жөнөп кетет.

Улукбек МариповӨкмөт башчы учурда Орусиянын Казань шаарында экени айтылган. Кечээ, 29-апрелде чек ара чыры боюнча митингге чыккандар Мариповдун отставкасын талап кылышкан.