Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жакында кызматын жыйыштырып, парламенттик шайлоого карата шаӊдуу жүрүшүн баштай турганы боюнча маалыматтар чыгууда. Бул адам министрлик кызматта башкаларга салыштырмалуу тыӊыраак иштеп, өзүнө аздыр-көптүр упай топтоду. Ичип жегени боюнча да маалыматтар чыкпады. Демек, мындай адамдар баары эле жакшы эмес, таза эместер чогулуп жаткан “Биримдикке” уютку катары болсо да керек да. Болбосо бул партиядагыларды эл эчактан бери эле жерип, жерге түкүрүп жатышпайбы.
Булак: Багыт.kg гезити