Домой Саясат УКМК Ширин Айтматованын жолдошу боюнча билдирүү таратты

УКМК Ширин Айтматованын жолдошу боюнча билдирүү таратты

44

УКМК Ширин Айтматованын жарандык никедеги жолдошунун кармалышына түшүндүрмө берди.

Айтматова күйөөсүнүн кармалганы тууралуу соцтармак аркылуу кабарлаган. Анын айтымында, окуя Алматы аэропортунда болгон. УКМК Айтматованын жолдошу кайдан кармалганын тактаган эмес.

УКМКга Кытай жараны 350 миң долларын Сыргак Кенжебаев аттуу кыргызстандык адамга алдатып жибергенин айтып кайрылган. Кылмыш жаза кодексинин 204-беренесинин (Ири көлөмдө акчага алдоо) негизинде иш козголгон.

Комитеттин билдиргенине караганда кытайлык жаран кытайлык ири компаниянын өкүлү катары»Коопсуз шаар» долбооруна катышуу үчүн Бишкекке келген.

«Сынакка даярдык көрүү маалында чет элдик жаран С.К. аттуу жаран менен таанышып, ал күтүлбөгөн чыгымдар үчүн деп 350 миң доллар алган. Андан кийин акчаны кайтарып берүүдөн баш тарткан. Мындан тышкары, С.К. тарабынан кошумча 250 миң доллар талап кылынганы далилденди», — деп айтылат маалыматта.

Булак: Спутник