Домой Коом УКМК: «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кармалды

УКМК: «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кармалды

249

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Бишкекте кол алдындагы кызматкерлерден системалуу түрдө акча талап кылган деген шек менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору Абдумуктар Маматовду кармады. Бул тууралуу бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинде аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз акча каражаттары келип түшкөндүгү үчүн туруктуу коррупциялык схеманы аныктады. Мамлекеттик мекеменин директору М.А.Т. системалуу негизде мыйзамсыз акча чогултууга айыпталып кармалды”, — деп айтылат билдирүүдө.