Домой Саясат УКМК: Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга бардык далилдер бар (видео)

УКМК: Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга бардык далилдер бар (видео)

252

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга бардык далилдер бар. Бул тууралууу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Андагы коррупциялык иштерге Жогорку Соттун төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экени боюнча толук далилдер алынган.

«Жогорку Соттун төрагасын, Башкы прокуратуранын сунуштамасынын негизинде, Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын макулдугу менен гана кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Жогорку Сот жана Соттор Кеңеши, алдын – ала позициясын аныктап алганы тынчсызданууну туудурат. Анткени, Баш мыйзамга ылайык Кыргызстанда баары мыйзам жана сот алдында бирдей”, – деп айтылат маалыматта.