Домой Коом УКМК Финполдун мурдагы жетекчиси Бакир Таиров эмнеге кармалганын ачыктады

УКМК Финполдун мурдагы жетекчиси Бакир Таиров эмнеге кармалганын ачыктады

214

Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси мамлекеттик кызматкерден ири суммадагы акча алганы үчүн камакка алынган. Бул тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык,  улуттук коопсуздук комитети тарабынан камакка алынган Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси «Т.Б.Б.» октябрдагы парламенттик шайлоодо саясий партиялардын бирин каржылоо үчүн мамлекеттик кызматкерден ири суммадагы акча өндүргөн.

Ал 10-декабрда камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Ошондой эле маалыматта шектүүнүн ушул сыяктуу башка да иштерге тиешеси бар жоктугу териштирилип жатканы айтылат.

Айрым ЖМКлар бул кармалган адам Бакир Таиров экенин жазышууда.

Белгилей кетсек, Финансы полициясын октябрдагы парламенттик шайлоо учурунда дал Ушул Бакир Таиров жетектеп турган.