Домой Коом УКМК: “Дастан” жана “Улан” компаниясынын кызматкерлери бюджеттик каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алган факты...

УКМК: “Дастан” жана “Улан” компаниясынын кызматкерлери бюджеттик каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алган факты аныкталды

47

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Дастан” жана “Улан” компаниясынын кызмат адамдары бюджеттик каражаттарды өздөрүнө алып алган факты аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди

Алардын айтымында, жооптуу кызматкерлер чет мамлекеттердин биринен атайын техниканы сатып алуу үчүн жасалма келишим түзүшкөн. 

Ушул жылдын май айында “Дастан” ААКсы чет өлкө менен 3 миллион долларга келишим түзгөнү, анын 695 миң доллары корпорациянын жетекчилиги тарабынан “Улан” ААКнын туунду компаниясы менен кызмат көрсөтүү келишими түзүлүп, менчиктештирилгени аныкталды.

“Улан” ААКтын жетекчилиги ЖЧКлардын бири менен 54 миллион сомдук атайын жабдууларды жеткирип берүү боюнча жасалма келишим түзүп, андан кийин “Улан” ААКтын директору Ж.Р.Ж. каражатты менчиктеп алган ”, – деп айтылат билдирүүдө.

Сотко чейинки процесстин материалдары Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же уурдоо” беренеси боюнча катталды. Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, “Улан” ААКнын директору Ж.Р.Ж УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
булак: kyrgyztoday