Домой Коом УКМК: Дары-дармектерди мыйзамсыз алып келген канал аныкталды

УКМК: Дары-дармектерди мыйзамсыз алып келген канал аныкталды

91

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн иш чаралардын алкагында Таластагы  “Чоң Капка-Автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан дары-дармектер табылды.

Такталган маалымат боюнча, кармалган дары-дармектердин 176 түрү салынган 100 кутучанын тиешелүү уруксаат берүүчү кагаздары болгон эмес.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча жүктүн баасы 4 миллион сомдон ашуун.