Домой Коом УКМК: Чүй ОИИБдин Жол инспекторлору пара алып турган ишин ачыктады.

УКМК: Чүй ОИИБдин Жол инспекторлору пара алып турган ишин ачыктады.

207

УКМКнын Коррупция менен каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган инспекторлору пара алып турган ишин ачыктады. Бул окуя «Актилек унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунда болгон.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, инспекторлор документтерди текшерүү шылтоосу менен мамлекеттер аралык унаа жолдордо жүк ташыган айдоочулардан 500 сомдон тарта 5000 сомго чейин алып турушкан. Бул жерден күн сайын 100-200 автоунаа өтөт.

Бул факт боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында 24-декабрь күнү 3 инспектор кармалды. Коррупциялык схемага катышкан деген шек менен Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын башчысы, милициянын полковниги Б.Ш.И. (Шаирбек Бопонов) да колго түшүрүлгөн.