Домой Саясат УКМК: Атамбаев сотко баруудан баш тартып койду

УКМК: Атамбаев сотко баруудан баш тартып койду

86

Кой-Таш окуясы боюнча 22-апрелге белгиленген сот отуруму болгон жок. Ишти карап жаткан Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, кийинки отурум 27-апрелге пландалды.

Соттун башка күнгө калышына бүгүнкү отурумга Атамбаев алынып келбегени, алты жактоочу жана жабыркаган тарап келбегени себеп болгону айтылды.

Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Мекеменин басма сөз кызматы ал бүгүнкү отурумга белгисиз себептерден улам барбай койгонун билдирди.

УКМК: «Учурда Атамбаевдин абалы канааттандырарлык, арыз-даттануусу жок. Күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө» деп билдирди.

Адвокаттар азырынча комментарий бере элек.

23-мартта Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму Атамбаев өзүн начар сезгендиктен улантылбай, башка күнгө которулган, ошондон бери карантинге байланыштуу сот боло элек. Жактоочулар мурдагы президенттин Атамбаевдин кан басымы кескин төмөндөп кеткенин жана муну тергөө абагынын дарыгери да тастыктаганын айтышкан.

2019-жылы 7-8-августта УКМК жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. Жактоочулар жана Атамбаевдин тарапкерлери ага коюлган айыптар негизсиз экенин айтып жатышат.

Булак: Азаттык