Домой Саясат УКМК: Алмазбек Атамбаев дарыланууга муктаж эмес

УКМК: Алмазбек Атамбаев дарыланууга муктаж эмес

49

Маалыматка ылайык, мурунку президент күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө турат жана саламаттыгы жакшы.

22-майда Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев атасынын саламаттыгы начарлап жатканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Ага ылайык, Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен жолугушуу учурунда өзүн жаман сезген. «Атама моралдык басым көрсөтүлүп жатат, бирок ал өзү даттангысы келген жок, бул анын принциптерине каршы келет» деп жазган Сейитбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлап жатканын анын адвокаттары да белгилешкен.