Домой Коом УКМК: Абактагыларды мунапыс менен бошотуу үчүн акча талап кылган жаран кармалды

УКМК: Абактагыларды мунапыс менен бошотуу үчүн акча талап кылган жаран кармалды

120

Абактагыларды мунапыс менен бошотуу үчүн акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Буга чейин тургундардан кармалган адамдын үстүнөн бир канча жолу арыз түшкөн. УКМК буга байланыштуу текшерүү жүргүзгөн.

Маалыматка караганда, кармалган адам өзүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганы жана атын Санжар Муканбетов Турдукожоевич деп тааныштырып, мунапыс аркылуу соттолгондорду бошотуу шылтоосу менен акча алып жүргөн.

Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында, кармалган жаран 1987-жылы туулган Санжар Салибаев экени аныкталды. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылындагы абакта “Алдамчылык”, “Документ жасалмалоо” жана “Качуу” беренелери боюнча жаза өтөп жаткан.

Азыркы учурда топтолгон материалдар сотко чейинки өндүрүшкө алынганы жатат.

Мунапыс жарыялоо УКМКнын компетенциясына кирбейт, анткени “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” мыйзам сот органдары тарабынан колдонулат.