Дүйнөнү каптаган пандемиядан дүйнө жүзү жабыркап, апаат биздин шаарга да жетип, карантин болуп, транспорт токтоп, жөнөкөй эл базарларга жете албай турган чакта, элге өз баасынан кыйла арзандатылган жер-жемиштерди жана жашылчаларды жеткирип берүү кызматын Эрмек Маркабаев жана Жамалбек Ырсалиев ишке киргизди.
Карапайым калкка аз да болсо жардамын берүүнү көздөгөн коомдук ишмерлер «Сары-Өзөн» көчмө базарын колго алган.
«Урматтуу шаардыктар!
«Сары-Өзөн» базарынын директору Ермек Маркабаевдин демилгеси менен «Сары-Өзөн» базарынан 4 машина шаардыктарга жашылча жемиш жеткирүүгө чыгып атат. Шаардын жашоочулары буйрутма бериңиздер. Картошка, сабиз, пияз, капуста жана башка жашылча-жемиштин бардык түрүн жеткирип беребиз. Буюртмаларды +996501007777 жана биздин баракчаларга жазыңыздар»- деп билдирет коомдук ишмер Жамалбек Ырсалиев.

Булак: Багыт