Домой Коом Үйүнүн түрттүрүлүшө каршы болгон тургун прокуратуранын алдында өзүнө өрт койду

Үйүнүн түрттүрүлүшө каршы болгон тургун прокуратуранын алдында өзүнө өрт койду

19

Олим Мустафаевдин айтымында, 19-февралда кызы экөө үйүнүн түрттүрүлүшө каршы арыз берүү үчүн облустук прокуратурага барышкан. Бирок кароолчу аларды имараттын ичине киргизбей койгон.

– Кызымдын үйү түрттүрүлгөнү жатат. Бир жылдан бери бизди эч ким укпай келет. Кызым өзүнө өрт койгондо колумду күйгүзүп алдым. Андан соң бензин кийимиме чачырап, денемдин башка бөлүктөрү да күйдү, — деди ал.

Анын айтымында, кызы 2019-жылы эжеси колдонуп жүргөн үйүнүн жанындагы бош жерге бир бөлмөлүү там курган. Бирок бир нече айдан кийин көптөгөн жылдан бери кароосуз турган жер тилкесинин ээси пайда болгон. «Кызым жер жеке тарапка эмес, мамлекетке таандык экенин далилдеген документтерди топтоп, райондук жана облустук акимчиликтерге тапшырган. Бирок жергиликтүү бийлик документтерге көңүл бурбай коюшту», — деди Мустафаев.

Ал өрт өз учурунда өчүрүлгөндүктөн, кызы эч кандай жаракат албаганын кошумчалады.

Булак: centralasian