24-сентябрда Бишкектин “Көк-Жар” кичи районунда “Кыргыздын саны көбөйсүн, ар бир үйдө төрт эм төрөлсүн” деген аталыштагы иш чара өттү.
Кыргызстанда төрт эм балалуу болгон эки үй-бүлө бар. Алар катышкан иш чарада төрт эмдердин ата-энелерине батир белекке берилди. Салтанатта улуттун көбөйүшүнө, урпактын уланышына себепкер болгон наристелердин, ата-энелеринин урматына атайын Ысык-Көл жана Талас областтарынан келген аксакалдар баш
болуп, улуу өнөрдү улаган манасчылар ак батасын беришти.
Биринчи төрт эм Бишкектеги №4 төрөтканасында жарык дүйнөгө келишкен. Ымыркайлар үч эркек балалуу жубайларды жети балалуу ата-энеге айлантышкан.
Ал эми экинчи төрт эм ушул жылдын февраль айында Бишкекте төрөлгөн. Жаш үй-бүлө ижарага алынган батирде жашап келишкен. Эми алар балдардын ырыскысы менен өз үйлөрүндө жашоолорун улантышат.
Булак: “Майдан. kg”