Домой Пайдалуу кеңеш Үй ичин тазалоонун беш жолу

Үй ичин тазалоонун беш жолу

58

үй тазалоо каражаттарыҮйүңүздүн энергетикасы кандай экенин билүү анчалык деле кыйын эмес. Жагымдуу жана жайлуу үйдө жерге төгүлгөн суу узакта кургайт, бөлмө гүлдөрү бат-баттан гүлдөп, соолубайт, жыгач идиштер кармаганда жылуу болуп турат.

  • 3-5 кичинекей пиязды тазалап, аны үйдүн ар кайсы бурчтарына илип коюңуз. Алардын ар бирин жоон ийне менен көзөп, кызыл жип өткөрүп коөт. 7 күндөн кийин пиязды илинген жеринен алып, ар бирин ар башка кагазга салып жакшылап туздап туруп андан кийин өрттөп салуу керек. Мындай ырым-жырымдан кийин үйдүн ичиндеги зыяндуу күчтөр жоголот.
  • Бир нече күн, керек болсо бир нече жума бою үйдүн бардык бөлмөлөрүндө шам жагыңыз. Шамдын жалыны үйдүн ичинде топтолгон терс энергожандыктарды айдайт.
  • Түн киргенде үйдүн ар кайсы бурчтарына ортосунан тең бөлүнгөн пияздарды коюп коөт. Эртең менен аларды кол тийгизбей жыйнап алып, жерге көөмп салат.
  • Жогорудагыдай эле ырым-жырымды сарымсак менен да жасоого болот. Пияз менен сарымсак тээ байыркы убактан бери эле терс күчтөр менен күрөшүүдө мыкты курал катары колдонулуп келет.
  • Көк чай (зверобой) же төө тикендин бир бутагын алып, кургатып, шамдын жалыны менен күйгүзүп анын түтүнү менен үйдүн ичин түтөтүп чыгыш керек.