Кытайда жайылган коронавирусту Ухандагы 5 кыргызстандык жугузган жок жана алардын саламаттыгы жакшы экени маалым болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.
— Биз Кытайдагы элчилик, Тышкы иштер министрлиги менен байланышып, Уханда 4 студент, бир жараныбыз бар экенин тактадык. Алар менен байланышып, коронавирусту жугузбаганын, дени сак экенин уктук, — деди Акматова.
Кытайдын Ухань шаарында башталган коронавирустан акыркы маалыматтар боюнча 56 киши каза таап, дүйнөнүн булуң бурчунда 2 миңден ашуун адамга жукту. Ухань шаары толугу менен жабылып, карантинге алынды. Кыргызстанда оорунун алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.
Булак: Азаттык