Россия темир жолдорунун адистери учуп жүрүүчү поезддерди ойлоп табуу алдында турушат. Мындай поезддер абада саатына 1000 км.ге чейин учуша алат. Россия темир жолдорунун Окумуштуулар кеңешинин төрагасы Борис Лапидустун айтымында, мындай поезддердин концепциясы 2016-жылдын аягына чейин иштелип чыкмакчы. Поезддер жүргүнчүлөрдү жана товарларды ташуу үчүн колдонулуп, Сибирден Россиянын европалык бөлүгүнө 3-4 саатта жете алат.