Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылында 24-март күнү бир үйдөн үч аялдын сөөгү табылган. Үчөө тең ошол үйдөгү ашкана бычагы менен өлтүрүлүптүр. Алар: 1959-жылы туулган Надежда П.В., анын сиңдиси — 1960 жылы туулган Екатерина П.В. жана 1992-жылы туулган кызы Алина. Алина өткөн жылдын декабрь айында күйөөгө чыккан. Күйөөсүнүн айтуусунда Алинанын 4-5 айлык боюнда бар экен.
Чүй облусунун милийса начальниги Капар Батырканов: “Биздин оюбузча, акча тоногонго аракет кылышкан. Бирок, акчаны алууга үлгүрбөй калышкан деген ой келет. Үйдө 1200 доллар, 800 евро жана 30 миң сом бар экен. Азыр бул иштин бетин ачуу үчүн ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Чүй облусу менен Ысык-Ата районунун профессионал кызматкерлери иштеп жатат. Иш министр Мелис Турганбаевдин жеке көзөмөлүндө”, — деп билдирди.