Домой Саясат Үч судьянын үшкүртөөр окуясы барбы?

Үч судьянын үшкүртөөр окуясы барбы?

121

Жакып АбдырахмановБелгилүү болгондой, жакында эле Жогорку соттун судьялары Жакып Абдырахманов, Жороев Курманбек, Исаков Абиджан “өз каалоолору менен арыз жазышты ” деген негиз менен судьялык кызматтан айдалышкан болчу. Жакып мырзанын, бир кездерде сотторду тандоо кеңешинин төрагасы болуп, судьяларды тандоо маселесинде көп эле алешемдиктерге жол бергендиги белгилүү. Бирок, ал боюнча эч кандай деле териштирүү болгон эмес. Чынында бул үч судья өз каалоолору менен кызматтан кетишкен жок. Кайсы эле адам, эптеп жеткен судьялык кызматтан, болгондо да Жогорку соттун судьялыгынан өз каалоосу менен кетсин? Кыскасы, бул жагы логикага анчалык сыйбай турат. Эл дагы бул маселеге абдан кызыгууда. Андыктан үч судьянын кызматтан айдалышынын чыныгы себептерине журналисттик иликтөө жүргүзүп, гезиттин кийинки сандарында толук маалымат бермекчибиз.