Домой Коом Үч эркектин сексуалдык зомбулугуна кабылып келген 20 жаштагы жигит тосмо арыз жазды

Үч эркектин сексуалдык зомбулугуна кабылып келген 20 жаштагы жигит тосмо арыз жазды

212

Үч эркектин сексуалдык зомбулугуна кабылып келгенин айтып, милицияга кайрылган 20 жаштагы жигит тосмо арыз жазды. Муну Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, арызын артка кайтартып алган күндө да кылмыш оор болгондуктан мыйзам негизинде тергөө амалдары улантыла берет.

Буга чейин эркектердин зомбулугуна туш болгонун айткан жигит Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына окуянын чоо-жайын айтып берген болчу.

Анын айтымында, ал сексуалдык зомбулукка 4-классында туш болгон. Бөлөсүнүн үйүнө конокко барганда балдар коркутуп зордукташкан.

«Эжемдикине конокко барып, короосунда ойноп жүргөнбүз. Анан малина талаасына алып барып эле мени колдонуп коюшту. Эгер апамдарга билдирсем соо калбай турганымды айтып коркутушту. Бири 1993-жылкы, дагы бири 1995-жылкы бир туугандар малина тааласындагы окуя менен токтоп калбастан пайдаланууну башташты. Кечинде же унаада, ээн талааларда колдонушту. Үйгө айланып келели деп келишет. Мен баргым келбегенимди айтсам да, үйдөгүлөр барып кел деп кошуп коюшчу. Билип калышпасын деп арга жок аларга кошулуп кетчүмүн. Бөлөлөрүм коркутуп-үркүтүү менен 2010-жылдан 2015-жылга чейин зордоп жүрүштү. Акыры эгер токтотушпаса, үйдөгүлөргө айтарымды билдирдим. Алар өз ара сүйлөшүп, кайталабай турган болушту. Улуусу үйлөнгөн. Ал токтободу. 2020-жылга чейин болду.

Кошунам 7-классымда мектептен колдонду. Менден улуу, күчтүү болгону үчүн ага да күчүм жетпеди. Ал да үчүнчү болуп пайдалана турган болуп алды. Акыркы жолу 2021-жылдын 15-январында болду. Акыры жарылууга туура келди. Бул күнү эжем менин абалымды байкап калды. Буга чейинки зомбулуктун баарын айттым. Кичинекейимде ич кийимимдин кан болуп калганын көргөндө «геморрой» деп кутулчумун. Айтып жарылгым келчү, катуу коркчу элем. Көп жылдан берки көкүрөгүмдө сактап, оору болгон ойлорду айтып, эми жеңилдеп калдым. Өзүң менен өзүң ооруган жаман», — дейт жигит.

Анын айтымында, мектепти бүтпөй калышына үч эркектин зомбулугу себеп болгон. Тактап айтканда, айылында 8-класска чейин гана билим алып, борборго кеткен.

«Үчөөнүн зордугунан кутулам деп сүйүнүп шаарга кеттим. Аларды көрбөй калам деп сүйүндүм. Номурларымды өзгөрттүм. Колледжге окууга кирдим. Бирок эркектерден коркуп, качып калгандыктан окууга да барбай койдум. Эркек аз жерлерден жумуш издедим. Тигүү цехинде иштеп жүрө бердим. Булар ал жакта жүргөн жеримди да таап алган күндөр болду. Эч кимге эч нерсе айтпай, Кыргызстандан башка жакка чыгып кетейин дедим. Бул сыяктуулар өсүп келе жаткан өспүрүм балдарды да кыйнашпасын дедим. Мага окшоп башкалар да азап чеккенин каалабадым. Мыйзам чегинде үчөө тең жооп бериши керек», — деп кошумчалады.

19 жаштагы жигит милицияга арыздангандан кийин тийиштүү экспертизалар дайындалган. Жабырлануучу жигит Ош шаарынан психологдун жардамын да алып келген. Ал да психологиялык жактан жабыр тартканын айткан.