Домой Коом Үч айлык Эркинбекова Раянанын өлүмүнө ким жооп берет?

Үч айлык Эркинбекова Раянанын өлүмүнө ким жооп берет?

36

Биздин редакцияга Эркинбекова Раянанын апасы Муратбекова Бактыгүл айым баш багып, борборубуз Бишкек шаарындагы Жал кичирайонунда жайгашкан Эне жана баланы коргоо борборунун кызматкерлерине нааразычылыгын айтты. Анын 3 айлык кызын дарыгердин калпыстыгынын айынан өлтүрүп койгону аз келгенсип, ата-энесинин алдына чыгып кечирим сурабай, ошол күнү кайсы дарыгер кабыл алганын да айтпай, медайымдары болсо жогору жакка шылтап жатышканын айтып ыйласа жанына киши тура албайт.

Окуянын чоо-жайы

Муратбекова Бактыгүл: “Кызымды сүткө какатып өлтүрүштү”

2022-жылдын 13-январында 3 эм төрөдүм. Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун дарыгерлери операциялык жол менен төрөтүштү. Садыр 2650г, Ясина 2600г, Раяна 1850г менен төрөлдү. Үчүнчү күн дегенде Раяна заңдабай атканынан бизге айтпай туруп Жалдагы балдар ооруканасына жиберип ийишиптир. Жалдагы доктурлар, УЗИге тарттык баары жакшы, бирок ичегисинде көйгөй (не проходимость) бар экен, операция жасагандан кийин билинет деди. Ошентип кызым 1-операцияны көтөрүп кетти. 3 күндүк тамак толуп чыкпай калыптыр. “20 смдай ичегисин кесип, курсагынан чыгарып койдук, кийин бала 3 кг болуп калганда келсеңер, экинчи операциясын жасап, ичке ичегисин жоон ичегиге кошуп коебуз”, — дешти. Ооруканадан 1 кг болуп чыктык.

2 айдан ашыгыраак убакытта өзүмдүн апам жардам берип, Раянанын салмагы 2600 болду.  Ошентип, Жалдагы балдар ооруканасына баланы алып барсак, анализдерин тапшыргыла, эгер жакшы чыкса операция жасайбыз дешти. Гемоглобини жогору болуп чыкты. Тасмалбек деген хирургга көрсөтсөк операцияга алам, келгиле деди. 5-апрелде кызымды алып ооруканага кеттим. Хирургиялык бөлүм таракандарды ууландырганга байланыштуу убактылуу жабык экен. Тасмалбек реанимацияга Раянаны операцияга даярдагыла деп телефон чалды. Реанимацияга 5-апрель жатты. 6-7-8-апрель ооруканага барып, балага дары, памперс киргизип аттык. Ишемби күнү баланы үйгө алып келсекпи деп сурансак баланы бизге бербей коюшту. 9-апрелде саат 11де балага барсак дарыгер чыгып, балаңар моргдо деди.

Ага чейин деле балаңар кыйналып атат келгиле десе бармакпыз да. Экспертизанын жыйынтыгында сүттү көп берген деп жазылып  турат. Күндүзгү дарыгер кезекти өткөрүп алгандыктан, менин баламдын өлүмүнө тиешеси бар доктур эч нерсе болбогондой үйүнө кетип калыптыр. Башкы дарыгерине барсак ал жок, телефонун да бербей коюшту. Ошентип, дарыгерди таппай калдык.

Баланы экспертизага бердик. Жүрөгү таза экен, сүткө какап калган деди. Өпкөсү да таза экен. Бишкек шаардык Ленин РИИБнө арыз жазып, ишти азыр алар карап жатышат. Бирок, жылыш дале болбой бир орунда тургандай болуп жатат.  Тергөөчү Бексултан деген балага Эне жана баланы коргоо борборунун башкы дарыгери Жанузакова Нургүл келгенде эле өлө турган бала болчу десе, хирургу 4-стадиядагы бейтап болчу дептир.

Айлабыз кеткенде апам депутат Дастан Бекешовго барып окуяны айтса, бул ишти өзүмдүн көзөмөлүмө алам, Прокуратурага кайрылам деген. Ошо менен андан да дайын жок.

Менин ызаланганымдын себеби, Жалдагы балдар ооруканасында бала чарчап калуу, баланын өлүмү анча деле чоң маселе эмес экен. Мендей болуп дагы канча деген ата-эне зар какшап, тирүү баласын жаткырып, баланын өлүгүн алып жатышат болду экен?! Эмнеге бала өлүп жатса ата-энесине кабар беришпейт, билдиришпейт? Эмнеге жок дегенде кечирим сурашпайт?! Эмнеге кайдыгер карашат?!

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Менин кызым Раянанын  өлүмүнө себепкер болгон дарыгерлерге татыктуу жазасын берүүнү өз көзөмөлүңүздөргө алыңыздарчы. Мен болгону, ошол дарыгерлер кылган кылмышын өз жону менен тартуусун каалайм. Себеби, кызым түздөн-түз дарыгерлердин шалаакылыгынан улам сүткө какап өлдү. Акыркы үмүтүм сиздерде.