Домой Коом «Убактылуу ойнош»: Бишкектеги кыздар «демөөрчү» мырзалардан канча акча сурашат?

«Убактылуу ойнош»: Бишкектеги кыздар «демөөрчү» мырзалардан канча акча сурашат?

702
Бишкектеги сексуалдык жаңы кызмат «убактылуу ойноштор» тууралуу өткөндө жазган элек, ошону уланталы. Бул ирет биз өзүн Николай деп тааныштырган жогорудагыдай кыздар менен тааныштыгы жана «тажырыйбасы» бар мырза менен баарлаштык.

Николайдын айтымында «убактылуу ойноштор» социалдык тармактардын биринде «Спонсоры и Содержанки БИШКЕК» деген тайпада өздөрүнүн жарнамасын жайгаштырат. Аты-жөндөрү, албетте, ойдон чыгарылган.

«Фейк аккаунтардагы» окшош аттарды бир канча социалдык тармактардагы тайпалардан кездештирүүгө болот. Андыктан «убактылуу ойношмун» дегендердин көпчүлүгү интим кызматын кылышкан кыз-келиндер болушу мүмкүн.

Демөөрчү болгусу келген мырзалардын жашы сөзсүз түрдө 30 жаштан жогору болушу кажет жана «бекер» колдонгусу келгендерге, «бир жолкуга» жана «колу менен достошкондорго» шанс жок. Аларды андай кыз-келиндер жанына да жакын жолоткулары келишпейт.

Ал эми андай тайпаларга жарнама жайгаштыруу 200 сом турат. Жарнаманы окуп, демөөрчү болгусу келген мырзалар жарнаманын алдына жакты белгисин басышат. Көпчүлүк учурда жарнама берүүчүлөр өздөрү жакты белгиси баскан мырзаларга байланышка чыгышат. Болду. Андан ары «соода» башталат.

«Убактылуу ойнош» болгусу келген кыздардын өзүнчө атайын “иш телефону” болот.  Ал телефонунда WhatApp дагы, Telegram дагы жок, болгону ага «Вконтакте» социалдык тармагынан чалышат. Ал эми жеке иштери үчүн башка телефон колдонушат.

Жакты белгиси – алгачкы байланыш. «Убактылуу ойнош» өз жарнамасына басылган жакты белгилердин бардыгын карап чыгып, өзүнө ылайыктуусун тандайт. Андан соң ага «сизге коммерциялык сунуш менен кайрылып жаттым эле» деп жазат. Артынан эле жалпы маалымат бере кетет. Баасын айтат. Андан кийин ал кыз-келиндер «кардарынын» сүрөт жиберүүсүн суранат, өзүнүкүн жөнөтөт. Көп учурда алар капталынан же башка жакты карап турган сүрөттөрдү жиберишет. Жылаңачтанып түшкөн ачык сүрөттөрүн да жибергендер бар. Чаттан көрүлдү деген белги чыгар замат алар өзүнүн сүрөтүн өчүрүп салышат. Тагыраагы «демөөрчүлөр» ал кыздардын сүрөтүн көрүүгө жарым секунддай эле убакыты болот. Ал эми кээ бир кыздар сүрөттү өчүрбөйт.

Көпчүлүк кыздарга акча жагынан «жардам» кылса эле болду, кардарынын аялы барбы же жокпу, анысына кызыгышпайт. Бирок кээ бирлери сактык үчүн кызыгып сурап калышат. Кыздардын айтымында кай бирде «псевдо демөөрчүлөр» да чыгат экен. Андайларды кыздар дароо блоктоп салышат. Ал эми кардар көп убакка чейин жооп жазбаса, «убактылуу ойноштор» текшерип дагы бир ирет чалып же жазып көрүшөт.

Эгер жылдыздары келишсе эки тарап жолугушчу күндү белгилешет. Жолукчу күндү кыздар алдын ала өздөрү «эсиңиздеби, эртең жолукмак эмес белек» деп эскертип коюшат.

«Жолуккан соң эки тарап тең жакты же жакпады деп бири-бирин байкашат. Эгер бири-бирин жактырбай калышса ошол жерден соода бүтөт. Жолугушканда көпчүлүк кыздар «шаардыкмын» деп таанышат. Бирок, көпчүлүгүнөн аймактык акценттерди байкоого болот» дейт Николай.

Жолугушууда кыздар өздөрү тууралуу айткан маалыматтардын көбү коёндой окшош. «Биринчи жолу ушундай кадамга барып жатам», «Университетти аяктагам, бирок ылайыктуу жумуш жок», «Убактылуу акча жактан кыйналып жатам, колдоого муктажмын», «Окуума төлөмөкмүн же сиңдимдин кредитин төлөшүп жатам”, “Батирге акча жетпей жатат” жана башка ушул сыяктуу шылтоолор.

«Убактылуу ойнош» болуп иштеген кыздардын көбү 22 жаштын тегерегинде. Алар «Фея» эмес экенин баса белгилеп айтышат. «Фея» дегени кадимки денесин сатып акча тапкан кыздардын заманбап аталышы.

“Демөөрчү” издегендер берген жарнамалардын бири.

Андан соң «убактылуу ойнош» менен «демөөрчү» майда-барат нерселердин бардыгын ачык-айкын сүйлөшүп алышат. Мисалы кыз секстин ар кандай түрүнө макулдугун берет же кээ бир позаларга тыюу салат. Ошондой эле жумасына же айына канча жолу бел суутканга «жолугуп» турарын да такташып алышат. Орто эсеп менен жумасына 3-4 жолу жолугуп турууга макул болушат. «Жолугушчу жай» үчүн кыз башын оорутпайт. Аны «демөөрчү» табышы керек.

Андай кыздар көбүнчө адептүү демөөрчүлөрдү издешет. Эгер кардары ага жакса мамиле узакка созулат. Туура 1 айга «келишим» түзгөн демөөрчүлөр да болот. «Эмгек акы» же «жардам» төлөнөр замат ишке өтсө болот.

Баарынан кызыгы бааларга келип такалат. Кээ бир кыздардын сураганы өтө эле кымбат. Бир айга 3 миң доллар сураган кыздар да болот. Мисалы окуусуна же ишине жетишпей жатканын айтып, «Хонда Фит» унаасын алып берүүнү суранган кыздар да чыгат.

“Соода” көбүнчө ушундай жазуулар менен башталат.

«Демөөрчүлөрдүн жардамы» көпчүлүк учурда айына 500 доллардын тегереги. Албетте, соодалашып арзандатса да болот. Кээ бир кыздар менен сүйлөшүп кечки тамакты даярдатып же бир айга эмес бир жолу жолугушууга да көндүрсө болот.

«Убактылуу ойноштор» көп учурда акчаны алдын ала алышат. Кепилдик үчүн паспортун таштагандар болот. «Кээ бир «демөөрчүлөр» Бишкектен батир же унаа белек кылат» деген кептер бар. «Керек болсо мындай мамиледен улам сүйүү да жаралып кетиши мүмкүн» деген  жомокко бул тармакта иштеп жаткан кыздардын көбү ишенишет.

«Андай кыздардын бири менен болгон мамилемди «тоок сүйүү» башталып баратканда эле токтотком. Акыркы жолугушууларда ал мага «үйгө чейин узатып, жеткирип койчу» деп сурана баштады. Демек, ал мамилени андан ары улантууну көздөп баштаган. Мен ага таксиге акча бердим да, “өзүң жетип ал!” дедим” деп Николай сөзүн жыйынтыктады.

Булак: Барс.медиа