Домой Коом Тышкы карыз: Кыргызстандын өтүнүчү — Кытайдын талабы

Тышкы карыз: Кыргызстандын өтүнүчү — Кытайдын талабы

89

25-ноябрда өкмөт башчы Артём Новиков Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы карыздарды төлөө иштери боюнча маалымат берди. Анын айтымында, эгерде карыздарды төлөөнүн мөөнөтү узарса, Кытайдын койгон шартына ылайык, кыргыз тарап дээрлик үч миллиард сомго жакын акчаны ашыкча төлөөгө милдеттүү.

«Кытай карызды төлөө мөөнөтүн транштарга бөлүп, төрт жылга узартууну сунуш кылып жатат. Мындай узартуунун үстөгү 2 % деп аныктоодо. Сунуш негизи, өкмөт жеңилдик боюнча аныктаган параметрлерден ашпайт. Бул сумма боюнча ашыкча төлөө 2,9 миллиард сом болот».

Ал эми Финансы министрлиги Новиковдун айткандарынын туура эместигин билдирип, Кыргыз-Кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр боюнча маалыматка тактоо киргизди.

Каржы министрлигинин айткандарына таянсак, Кыргызстандын тышкы карызы 4,8 миллиард доллар болсо, анын 1,8 миллиарды Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. Ал эми Кыргыз Өкмөтү ушул жылдын соңуна чейин Кытайдын Эксимбанкынан алынган карыздын 35 миллион долларын, сом менен эсептегенде 2,9 млрд сомун төлөөгө милдеттүү. Бирок казынадагы жетишпестиктен улам Кыргыз Өкмөтү быйылкы төлөмдөрдү кийинки жылдарга калтырууну суранууда. Тактап айтканда, 35 миллион долларды алдыдагы төрт жыл аралыгында бөлүп төлөөнү сунуштоодо.

Финансы министрлигинин сырткы карыздарды жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Жантай Тентимишовдун айтымында, кыргыз тараптын бул сунушунан улам, Кытай тарап аталган суммага дагы 2 пайыздык үстөк менен төлөө шартын койгон. Буга Кыргыз Өкмөтү макул эмес. Эгер Кытай шартынан кайтпаса, өкмөт 35 миллион долларлык быйылкы төлөмдү жыл соңуна чейин төлөп берүүгө аракет кылат.

Учурда Финансы министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги биргелешип, аталган маселелер боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ал өкмөт карызды төлөөгө болгон аракет көрүлөт. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев да 18-ноябрда Кытайдын Тышкы иштер министри менен карыз маселесин талкуулаган. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги да карызды төлөө мөөнөтүн узартууну бир нече ирет суранган.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кыргыз Өкмөтү Кытайдын Эксимбанкына кылдат мамиле кылуусу керектигин, келишимди так сактоосу маанилүү экенин эскертти. Эгер убагында төлөнбөгөн учурда Кыргызстан стратегиялык мааниге ээ болгон обьектилерин Кытайдын башкаруусуна алдырып коюу коркунучу бар экенин да эске салды.

«Кытайдын Эксимбанкынын эң коркунучтуу жагы – эгер бир долбоору боюнча бир саатка кечиге турган болсоң, банк бүт карызды пайызы менен төлөө шартын коет. Эгер төлөй албасаң, ошол долбоорлордун баары Кытай тараптын башкаруусуна өтөт. Алар энергетикага, ТЭЦке өздөрүнүн тарифтерин коет. Альтернативдик жолго да тарифтерин коюп, акысын чыгарып алганга чейин башкарат. Мурдагы бийликтер ушундай жагдайды түзүп коюп кетип калды».

Акылбек Жапаров өкмөт тышкы карызды төлөөнүн жол-жобосун карап чыгып, өкмөт башчы алгач фискалдаштыруу иштерин жүргүзүүсү керек деген пикирде. Андан тышкары алтын казган кендер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алтындарды топтой баштоо шарт. Анын айтымында, Таластагы «Жерүй», Чаткалдагы «Чаарат» алтын кендеринде өлкө казынасы үлүшсүз калган. Ошол үчүн кен казгандар менен кайрадан сүйлөшүп чыгып, салык саясатын жөнгө салуусу керек. Ошондой эле «Кумтөрдөн» өндүрүлгөн алтындан 1-1,5 тоннадан сатып алып коё берсе, кийинкиге жакшы запас болуп берет. Фискалдаштыруу ишке аша турган болсо, 1-этапта бюджетти 3 миллиардга көтөрүүгө болот. Алтынды улам сатып алып, резервге коюп туруу менен 2023-жылга чейин 500 млн долларды же ушул көлөмдөгү алтынды сактап турса, тышкы карыздан кутулуу оңой болорун да кошумчалады.

Өкмөттүн тышкы карыз боюнча берген акыркы сунушун экономист Умбриэль Темиралиев туура деп баалайт. А бирок мындан да ылайыктуу шарт үчүн мунасага келүүнүн жолу бар болчу деп эсептейт. Ал эл аралык уюмдардан карыз алып, аны Кытайдан кутулуу жолун сунуш кылды.

«Кыргызстандын өзүнүн компаниялары эл аралык капиталдык компанияларга чыгып, карызын сатып жүрүшөт го. Ошол сыяктуу эле мамлекет да суверендүү баалуу кагаздарын сатып, Кытайдын карызынан кутулууга жумшашы керек. Эгерде кыска убакытта төлөп башташыбыз керек болсо, бул ыкма ыңгайлуу болот. Бизде баалуу кагаздарды сатып алууга кызыккандар жетиштүү санда». 

Эскерте кетсек, Кыргызстандын 4,8 миллиард доллар тышкы карызы бар, анын 1,8 миллиард доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган.

булак: maral.fm