Домой Спорт Тыныбековага Азия чемпиондугун кайтаруу аракети уланууда

Тыныбековага Азия чемпиондугун кайтаруу аракети уланууда

30

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага 2016-жылы өткөн Азия оюндарынын чемпиондугун кайтаруу аракети уланууда.

Бул тууралуу балбан кыздын тренери Нурбек Изабеков “Азаттык” радиосуна билдирди.

Изабековдун айтымында, Индонезияда өткөн Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограммга чейинки салмакта биринчи орунду алган монголиялык балбан Орхон Пуревдорж былтыр «кызытма колдонгон» деген негизде алтын медалынан ажыраган.

Эрежеге ылайык, алтын медал бул беттеште экинчи орунду алган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага берилиши керек болчу. Учурда Тыныбекованын тренери аталган медалды кайтаруу боюнча тиешелүү органдарга кайрылганын айтты.

Азия оюндары 2018-жылы 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өткөн. Анда Айсулуу Тыныбекова алтын медал үчүн монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж менен күч сынашып, 11:0 эсебинде утулуп калган.

Айсулуу Тыныбекова жакында эле Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду.

Булак: Азаттык