Домой Спорт Тыныбекова Кыргызстанда жогорку стипендия алган спортчуларга кирет

Тыныбекова Кыргызстанда жогорку стипендия алган спортчуларга кирет

41

2019-жылдын август айынан декабрь айына чейин 75 миң сом өлчөмүндөгү I категориядагы стипендия сууда сүзүү боюнча Токиодо өтө турган Олимп оюндарына биринчи болуп лицензия алган Денис Петрашовго төлөнүп келди. Ал эми октябрь айынан тартып аталган категориядагы стипендия кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн чемпиону Айсулуу Тыныбековага, жөө күлүк Юлия Андреевага жана грек-рим балбаны Атабек Азисбековго төлөнгөн. Булар олимпиада оюндарына жолдомого ээ болгон спортчулар.