-Тынчтык Жусупбекович, адатта шайлоодо журналисттер бейтарап болуп, баардык партиялар менен үгүт иштери боюнча кызматташып, каржылык пайданы көздөйт. А сиз «Республика» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер болдуңуз. Саясатка аттануунун себеби эмнеде?
-«Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу?» дегендей, мени саясатка сүрөгөн бир нече объективдүү себептер бар. 15 жылдан бери журналист катары Акүй менен Көкүйгө каттап жүрүп, саясатчылардын, чиновниктердин ишмердигин жакындан таанып, алардын кыргызстандыктарга жасаган кайдыгер, а тургай, кыянат мамилесин көрдүм. Жүздөгөн шайлоочулардын, жарандардын , жергиликтүү бийлик мүчөлөрүнүн ар аймактагы көйгөйлөрдү, арыз-муңдарын жазып алып, шайлаган депутаттарына кире албай, Акүйдүн кире беришинде сагаалап турганын, асмандагы айды убада кылган депутатына байланыша албай, катчы кыздарынан кагуу жеп турганын далай ирээт жолуктурдум. Бул акыйкатсыздык, алдоо мени депутаттыкка жетеледи. Экинчиден, бүгүн жеке маселелерден да мамлекеттин тагдыры кылдын учунда турат. Бюджетте акча жок, мамлекеттик киреше булактары кыскарды, өндүрүш токтоп, салык түшпөй турат, сырткы карыз 5 млрд. АКШ долларынан ашып, анын төлөөнүн оор учурлары жакындоодо. Кечээки, пандемия өлкөнүн ичеги-кардын аңтарып, сыртка чыгарды. Бүгүнкү өкмөт өлкөнү оор кырдаалдан чыгарууга, тилекке каршы жөндөмсүз болуп чыкты. Ошондуктан, чукул арада биз эсибизге келип, этегибизди жыйып, олуттуу реформалык өзгөрүүлөргө барбасак болбойт. Мен бул процесстерге батыл катышуу үчүн депутаттыкка аттандым.
-Эл аралап жүрөсүз, журналист катары калыс пикириңизди айтыңызчы, коомчулук кайсы партияларга добуш берчүдөй?
-Адаттагыдай эле колунда бийлиги, капчыгына акчасы бар, өңчөй кошоматчылар менен коррупцияга шектелген чиновниктерден турган партиялар бүгүн шайлоочуларды үстөмөндөп, күчкө салып турат. Ошого карабай, бул шайлоонун артыкчылыгы-шайлоочулардын мурдагыдан маалыматтуулугу болууда. Ар бир шайлоочунун колунда смартфон, Ютуб, маалыматтык сайттар. Алар бүгүнкү мамлекеттин оор абалына кимдер күнөөкөр экенин так айырмалай алгандыктан, бул жолу ойлогондон тескери жыйынтык чыгып калуу ыктымалдыгы бар. Азыр прогрессивдүү ойлонгон, билимдүү адамдардан турган партиялардын электораттары күн санап өсүп баратат. Мында, бийликке ымала санаган 4-5 партия канчалык күчкө салбасын, оппозициялык партиялардын ишенимдүү добуштары бар десек болот.
— Көз карашыңыз оппозициялык маанайда. Бирок, радикалдуу оппозициялык партияларды эмес, “Республика” партиясына кошулдуңуз…
-Сурооңуз түшүнүктүү. Бул партия сиз айткандай, радикалдуу оппозиция болбогону менен иш жүзүндө конкреттүү аракеттерди жасап, курулай сын менен алектенбей, кези келгенде реформалык кадамдарга барып, калк катмарына сезилээрлик аткарган иштери менен кадыры бар саясий күч. Эксперттик талдоолорло, эл аралык көз карандысыз сурамжылоолордо да «Республика» партиясы өзүнүн шайлоолор алдындагы убадаларын так аткарып келген.Учурда да жөн эле бийликти ур-токмокко алып, катыра сындай бербей, олутуттуу өзгөрүүлөрдүн комплексин сунуштап чыкты. Бул чыгымы чоң, саясий туруксуздукка алып келген, Конституцияда жок бирок, иш жүзүндө эбегейсиз күчкө ээ Президенттик институтту жоюу, өлкөгө сырттан келип жаткан ар кандай саясий, маданий, каржылык коркунучтарга эмес, ички саясий иштерге аралашып, майдаланып, «кечирим сураткыч» деген каймана атка ээ болгон УКМКны жоюу, жазалоочу органга айланып калган, бизнеске, жеке менчикке коркунуч туудурган Прокуратураны жоюу, чакан, эффективдүү Өкмөттү түзүү, парламентте депутаттардын санын 75ке кыскартуу, мамлекеттик пайдасыз ондогон ишканаларды сатып, бизнеске 3 %, элдин колуна 5-6 пайыз менен агро, ипотекалык насыяларды берүү. Бул албетте, баарына эле жага бербейт. Ошондо ким конкреттүү оппозиция болуп калат? Албетте, «Республика»!
Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.